• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ОшМПУнун стартаперлери 6 миң долларлык үч долбоорго грант утуп алды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда студенттер жана магистранттар үчүн комплекстүү алты күндүк бизнес окуу жыйынтыкталды.

Аталаган университеттен билдиришкендей, долбоордун алкагында катышуучулар прототип базасынан бизнес процессти өз алдынча алып кетүүгө чейинки керектүү билимдерди толук алышты.

Аталган окуу курстун негизинде бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, ага жалпы 25 стартапер катышып, анын ичинен үч долбоор атайын комиссия тобунун чечими менен тандалып алынды. Тандалган бизнес идеяларга 2 миң доллардан 6 миң доллар суммасында кайтарымсыз грант берилет.

Тренинг ишкердүүлүккө кызыккан жаштарга бизнес жүргүзүү жолдорун үйрөтүү, жеке ишкердикке даярдоо жана жумуш менен камсыздоо максатында Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Ага Хан фонду жана окуу жайдын Бизнес инкубатору менен биргеликте уюштурулду. Ал “Жергиликтүү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жаштардын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасынын негизинде өткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, 2022-жылы “Жергиликтүү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган бизнес окуу курсунда Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарынан 450дөн ашуун адам окуп, алардын ичинен 56 бизнес долбоор тандалып, уюштуруучулар тарбынан ар бирине 3 миң 500 доллардан колдоо көрсөтүлгөн.

Ал эми аталган окуу курска ОшМПУнун студенттеринин сурамжылоосунан соң, жалпы 100дөн ашык өтүнмө кат келип түшкөн. Анын ичинен 30 студент тандалып алынып, жетекчилик тарабынан сабактардан бошотулуп, бизнес тренингге катышкан.

Пикир

Оставить комментарий