• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто 300дөн ашуун мечит имамдары аттестациядан өтүштү

Аймак 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. 22-марттан тартып 25-мартка чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын буйругуна ылайык, Ош шаарынын борбордук Алай “Имам Аль-Бухарий” атындагы мечитинде имамдарды аттестациялоо иши жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аттестациялоо иш-чарасы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, КМДБнын түзүмүндөгү диний кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү комиссиясынын төрагасы Марс ажы Ибраев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралган комиссия мүчөлөрү тарабынан өткөрүлүп, имамдардын билим деңгээлин аныктоо билеттик суроолордун негизинде текшерилди. Аттестациянын жүрүшүндө имамдардын диний багыттагы илимий даражасын жана тиешелүү мамлекеттик мыйзамдарды билүү деңгээлине басым жасалды жана имамдын кызматтык милдеттерди аткаруудагы даярдыгын билүү максатында да кошумча суроолор берилди.

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин айтуусунда аталган аттестациялык сынакка Ош облусунун аймагынан өздүк документтери талапка ылайык жооп берген 300дөн ашуун мечит имамдары катышышкан.

Эскерте кетсек, буга чейин аттестациялык сынактан ийгиликтүү өткөн Ош облусунун 300дөн ашуун мечит имамдары КРнын Президентине карштуу “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунан ай сайын берилүүчү стипендиясын алып келишет.

Пикир

Оставить комментарий