• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ошто “Ak-Buura Fashion Week-2023” эл аралык мода жумалыгы өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.05.23./Кабар/. Ош шаарында алгачкы жолу «Ak-Buura Fashion Week- 2023» эл аралык мода жумалыгы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров баштаган Ош шаардык кеңешинин депутаттары, маданият өкүлдөрү, чет элдик, жергиликтүү дизайнерлер жана шаар тургундары катышты.

Нурбек Кадыров өз сөзүндө, мындай иш-чаралар чыгармачылык адамдарга өбөлгө түзүп, Ата мекендик брендди иштеп чыкканга, чет элдик аренага чыгууга жол ачып, өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Ошондой эле таланттуу дизайнерлер өз өнөрлөрү менен келечекте өлкө экономикасына чоң салым кошот деген ишеничин билдирип, жетишкендиктери менен куттуктады.

Иш-чаранын алкагында, катышкандарга, көмөк көрсөткөндөргө жана салым кошкондорго ыраазычылык билдирилип, мыкты коллекцияларды тартуу кылган дизайнерлерге дипломдор ыйгарылып, баалуу белектер тапшырылды.

Салтанаттын негизги бөлүгүндө дизайнерлердин ар кандай аталыштагы эксклюзивдүү, улуттук кийимдердин дефиле-көргөзмөлөрү көрсөтүлдү.

Ошондой эле маданият ишмерлери тарабынан концерттик программа тартууланды. Белгилей кетсек, мода жумалыгын "Подиум" мода, стиль жана сулуулук борбору уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий