• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Оштогу ири курулуштардын 98 пайызы бүттү

Аймак 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Бүгүн, 10-июлда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы курулуп жаткан ири төрт долбоордун курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, учурда Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги Сай-Бою көчөсүнүн айланасында төрт ири долбоор ишке ашып жатат. Алар Футбол Академиясы, бокс жана оор атлетика мектеп-интернаты, вело жол, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн курулушу.

А.Кадырбаев ири долбоорлор бүтсө, бул жерде спорт шаарча түзүлүп, спортчуларга гана эмес шаардыктардын спорт менен машыгуусуна, эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн билдирди.

“Долбоордо каралган Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн узундугу 45 метр, унаа жүрүүчү бөлүк 7 метр, туурасы 15 метр. Ал эми, Футбол Академиясы 80 балага, бокс жана оор атлетика мектеп-интернаты 50 балага ылайыкташтырылган.

Ошондой эле, Сай-Бою көчөсү аркылуу Б.Нурматов көчөсүнөн А.Навои паркынын тушундагы Ы.Монуев көчөсүнө чейин 2,3 км вело жол жана Сай-Бою көчөсүнөн спорт комитетинин алды менен Ленин көчөсүнө чыгуучу 350 метр жолдун курулушу аяктоонун алдында турат. Учурда долбоорлордун акыркы курулуш жумуштары кызуу жүрүп жатат. Жакынкы күндөрдө шаардыктарга жана шаарыбыздын меймандарына пайдаланууга беребиз. Көп өтпөй Ак-Буура дарыясынын ортосуна көргөзмө аянтчасынын (подиум) курулушу да башталат”,-деди шаар мэри.

Мындан сырткары, А.Кадырбаев, Р.Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан көпүрөнүн астына шаардыктардын машыгуусу үчүн заманбап тренажердук аянт курууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды. Ал эми, долбоорлорду ишке ашырып жаткан ишканалардын жетекчилерине курулуштун сапатына көңүл буруп, аяктоо мөөнөтүнөн кечиктирбей бүтүрүп берүүнү, жашылдандыруу ишканасына көрктөндүрүү иштерин ылдамдатуу боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий