• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Панфилов районунда милициянын көчмө кабылдамасы эл менен жолугушууларды улантууда

Аймак 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулар жана алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-март күнү Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Дениз Аманов милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен Кайыңды шаарынын жашоочулары менен жолугушууларды уюштурушту. Жергиликтүү жашоочулар айрым көйгөйлөрү менен кошо ыраазычылыктарын да билдиришти. Себеби, милициянын көчмө кабылдамасы айылдарды кыдырып эл менен жолугушуусу жер-жердеги көйгөйлөрдү өз учурунда чечүүгө жана тиешелүү жерлерге жеткирүүгө мүмкүн экендигин белгилешти.

Кайыңды шаарынын жашоочусу паспорт алуу үчүн тиешелүү жерлерге кайрылып бирок, ата-энеси ажырашып, ортодо байланыш үзүлүп, алар тууралуу керектүү документтердин бири жок болгондуктан паспорт ала албай келген. Ушундай көйгөлөрү менен милициянын көчмө кабылдамасына кайрылып көргөн. Алардын берген жардамдарынан улам тиешелүү документтери толукталып, бир айдын ичинде паспорт алууга жетишкен. Учурда ал жогорку окуу жайлардын бирине тапшырууга даярданып жатканын айтып, көчмө кабылдаманын жумушуна ыраазычылыгын билдирди.

Белгилеп кетүүчү жагдай, 2021-жылдын 7-январь күнү КР Ички иштер министрлиги тарабынан Чүй облусунун эки районуна көчмө кабылдама унаасы берилип, 8-январдан тарта Панфилов районунун аймагында милициянын көчмө кабылдамасы өз жумушун аткарып баштаган. Учурда кабыл алынган графиктин негизинде жер-жерлерде жашоочулар менен жолугушуулар уюштурулууда. Көчмө кабылдама унаасы менен айылдарды кыдыруу иштери жүргүзүлүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу үчүн 30дан ашуун жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алдын алуу иш-чаралар учурунда КР Бузуулар жөнүндөгү кодексинин негизинде 30 протокол толтурулган.

Пикир

Оставить комментарий