• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Парламенттик журналисттер клубу түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. 22-23-июнда Ысык-Көлдө отузга жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өттү, - деп кабарлайт Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Анда Парламенттик журналисттер клубун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Жыйында Жогорку Кеңештин 2019-2020-жылдардагы коммуникациялык стратегиясы талкууланып, Төрага Дастанбек Жумабеков журналисттердин суроолоруна жооп берди.

ЖМК өкүлдөрү Жогорку Кеңештин ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу багытындагы аракеттерге, парламенттик кабарчылар менен иш алып баруунун шарттарына, эл өкүлдөрү менен болгон байланышты жакшыртуунун келечек пландарына кызыгышты. Айрыкча, Жогорку Кеңештин жыйындары теле-радио каналдар, сайт жана социалдык тармактар аркылуу түз эфирде көрсөтүлүп жатканына оң баа беришти.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште тармактык комитеттердин, фракциялардын жана парламенттин имаратында өтүп жаткан коомдук жана парламенттик угууларды да түз эфирде чагылдыруу муктаждыгы бар экенин баса белгилешти. Парламенттик кабарчылардын пикиринде бүгүнкү күнү Жогорку Кеңешке карай айтылып жаткан сын-пикирлердин көбү коомчулуктун эл өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу толук кабардар болбой жаткандыгына байланыштуу. ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков медиа кызматкерлерге кайрылып, Жогорку Кеңештин жетекчилиги журналисттер менен кызматташууга, алардын бул багыттагы сунуштарын угууга ар дайым даяр экенин белгиледи. “Мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн сиздердин аткарып жаткан кызматыңыздар өтө маанилүү. Ар түрдүү маселелер боюнча коомдук пикирге таасир этип, ошол эле учурда мамлекеттик бийлик бутактарынын ишин адилеттүү чагылдырат деп ишенебиз”, - деди Төрага.

Ал эми Парламенттик журналисттер клубу (ПЖК) ЖКтин Басма сөз кызматынын демилгеси менен ЖКтин Коммуникациялык стратегиясынын алкагында түзүлдү. Уюмга адегенде жыйырмадан ашуун кабарчы мүчөлүккө кирди. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун айтымында, бул клубдун негизги максаты Жогорку Кеңештин ишинде ачык-айкындуулукту камсыздоо, аккредитациядан өткөн жана ЖКнын ишин активдүү чагылдырган кабарчыларга тренингдерди өткөрүү. “Клубга позиция-оппозиция дебестен, баардык ЖМК өкүлдөрү кошула алат. Биз аларга эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча эң мыкты адистерди тартып, окууларды өткөрмөкчүбүз” – деди Ибраим Нуракун уулу.

Пикир

Оставить комментарий