• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Питердеги чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайда 24 кыргызстандык отурат

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери жана активисттер Санкт-Петербург шаарындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайындагы кыргызстандык жарандардан кабар алышты.

Элчиликтин маалыматына ылайык, 1-апрелде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин канцеляриясынын кызматкерлери Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттери жана КР Жогорку Кеңешинин төрагасына караштуу Миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар боюнча кеңешинин коомдук өкүлдөрү менен биргеликте Россиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын (Красное Село) №1 чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайына – ЦВСИГге барып, ЦВСИГдин жетекчилиги жана аталган мекемеде кармалган Кыргызстандын жарандары менен жолугушту.

Иш сапардын алкагында борбордун жетекчилиги аталган мекемедеги жарандарды тейлөөгө жооптуу инспекторлор менен жолугушууларды өткөрдү.

Анда КР жарандарынын мекемеде болушу, КР жарандарын документтештирүү, ошондой эле КРга чыгуу тартиби боюнча маселелер талкууланды.

Борбордун өкүлдөрү менен болгон маектин жыйынтыгы боюнча, коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен административдик чыгарууну күтүп жаткан КР жарандары менен тар чөйрөдө жолугушуу уюштурулду.

Баарлашуунун жүрүшүндө элчиликтин канцеляриясы коюлган бардык суроолорго кеңири жоопторду берди. Тактап айтканда, СВР берүүнүн тартиби, сот органдарында иштерди кароонун жол-жоболору, өлкөдөн чыгаруу тартиби, авиабилеттерди сатып алуу, укук бузуулар үчүн айып төлөө жана башкалар түшүндүрүлдү.

Ошол эле учурда Санкт-Петербург диаспорасынын активисттери КРнын жарандарына азык-түлүк пакеттерин тапшырышты.

Эскерте кетсек, аталган жайда Кыргызстандын 24 жараны бар.

Пикир

Оставить комментарий