• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"ПСЖ" клубунун чабуулчусу Мбаппе коронавируска кабылды

Спорт 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппенин анализинде коронавирус табылганын Франциянын Футбол федерациясынан билдиришти.

Интерфакс агенттигинин маалыматы боюнча Мбаппе футбол боюнча Франциянын курамасынын катарынан четтетилди. Мындан улам ал Улуттар лигасынын Франция - Хорватия командаларынын боло турчу оюнуна катышпайт.

Белгилей кетсек, "ПСЖ" клубунун оюнчулары Неймар, Леандро Паредес жана Анхель ди Мария да коронавирусту жуктуруп алган.

Пикир

Оставить комментарий