• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Республикалык ыкчам штабда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, эмдөө өнөктүгүн, анын ичинде медицина кызматкерлери арасында вакцинациялоонун жүрүшү, ошондой эле жаңы окуу жылына карата даярдыктар талкууланды.

Өз кезегинде Жылдыз Бакашова Ала-Букадагы AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин абалы начарлап кеткен аскер кызматкерлерине тынчсыздануусун билдирди. Ал жагдайды иликтеп, терс таасирлердин келип чыгуу себептерин аныктап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Жылдыз Бакашова коронавирустук инфекциянын жана жугуштуу пневмониянын күнүмдүк катталган учурларынын саны кыскарып жаткандыгы боюнча оңдуу динамиканы белгиледи жана жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн вакцинациялоо темпин ылдамдатуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине муздаткыч чынжырын сактоо боюнча белгиленген талаптарды кармануу менен COVID-19га каршы калкты вакцинациялоо темпин тездетүү жана калктын кеңири катмарын камтууну камсыздоосу тапшырылды.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, район акимдерине, шаар башкчыларына убактылуу эмдөө пункттарынын кызматкерлерин, ошондой эле «COVID-19 каршы вакцинацияланган жактардын реестри» маалыматтык тутумуна маалыматтарды киргизген кызматкерлерди атайылап бурмалоо жана эмделген жарандар жөнүндө жалган маалымат берүүсү үчүн, ошондой эле "жасалма" эмдөө күбөлүктөрүн берүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу эскертүү берүүсү тапшырылды.

Жаңы окуу жылына даярдык көрүү алкагында Билим берүү жана илим министрлигине жалпы билим берүү мекемелеринин педагогикалык курамынын арасында коронавирустук инфекцияга каршы вакциналарды алуунун маанилүүлүгү жана зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана башка компетенттүү мамлекеттик органдар менен биргеликте 2021-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө эпидемиологиялык абалга жараша жалпы билим берүү мекемелериндеги окуу форматы боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Индия Республикасынын ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү кайрылуусу каралды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине «Бишкек-Дели-Бишкек» каттамы боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе боюнча кабыл алынган чечим тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана Транспорт жана коммуникация министрлигине маалымат берүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий