• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сагинтаев: Биз Кытай менен болгон бардык тоскоолдуктарды алып салдык

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Казакстан соода тармагында Кытай менен болгон бардык тоскоолдуктарды жойду. Бул туурасында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Астанадагы экономикалык форумдун алкагында билдирди.

Анын айтымында, Кытайдын базарына кириш үчүн жөнөкөй каалоо аздык кылат. “Биз Кытай менен эттен башка бардык айыл чарба продукцияларын, алардын базарына чыгарууну сүйлөштүк. Биз азыр эки өлкөнүн ортосундагы бардык тоскоолдуктарды жойдук. Буга ылайык, тиешелүү келишимдерге кол коюлду. Биз Кытайга, органикалык продукцияларыбыз менен келгибиз келет деп гана айтпастан, биз Кытайга, алардын талаптарына жооп берген продукция менен келебиз деп айтып жатабыз. Бизге өзүңөрдүн стандарттарыңарды бергиле, продукцияны ошол талаптар менен жасап берели. Продукцияны Кытайдын талаптары менен өндүрүш үчүн, технологиянын трансферти талап кылынат”,-деди Казак премьер-министри.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-16-июнунда өтүп жаткан Астанадагы экономикалык форумга 100 мамлекеттен 4 миңден ашык өкүлдөр катышууда. Алардын арасында Саясатчы, экономист, эл аралык мекемелердин өкүлдөрү бар. Бардыгы болуп, ар кандай форматтагы 40 сессия өткөрүү пландалган. Анда, дүйнөлүк экономика, келечектин туруктуу жана акылдуу шаары, “жашыл” экономика темаларында талкуу жүрүп жатат.

Мындан тышкары, 100 дөн ашык чет өлкөлүк, жана атамекендик логистикалык компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда, эл аралык транспорттук-логистикалык форум өтүп жатат. Анда жалпысынан 200гө чукул спикердин сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Булак: Inform.kz

Пикир

Оставить комментарий