• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19дун шартында билим берүү мекемелери үчүн алгоритм жөнүндө айтып берди

Билим 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып келе жатканын билдирди.

Анын айтымында, күн сайын республикада COVID-19 менен ооругандардын саны азайып жатат.

«Ушундай шартта билим берүү мекемелери салттуу форматта окуй алышат. Бирок, COVID-19дун шартында билим берүү мекемелери үчүн алгоритмди сактоо зарыл, атап айтканда: текшерүү журналынын, антисептиктердин болушу, бет кап режимин жана аралыкты сактоо»,-деди ал.

Мындан тышкары, департаменттин башчысы министрлик тарабынан күн сайын эпидемиологиялык абалга баа берилип жатканын жана экперттик топ түзүлгөнун белгиледи.

«Биздин байкоолорго ылайык, былтыркы окуу жылында салттуу форматта окутуу учурунда мектеп окуучуларынын COVID-19ду массалык түрдө жугузуу учуру аныкталган эмес. Негизинен ооруп калган окуучулар байланышта болгон, көчүлүк учурда оорунун үйдө болгон»,-деди Оторбаева.

Пикир

Оставить комментарий