• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда абитуриенттер үчүн ЖОЖдорго кабыл алуунун бешинчи туру өтөт

Билим 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда 14-август саат 8:00дөн 16-август саат 14:00го чейин Жогорку окуу жайларына кабыл алуунун бешинчи туру өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖОЖдордо бош орундар болсо 21-22-23-августта саат 9:00дө кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин тизмеси жайгаштырылат.

"ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталгандардын тизмесине киргизилген абитуриент бир сутканын ичинде өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий