• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сокулукта инисин балта менен чаап өлтүрүп алган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Сокулук районунда инисин балта менен чаап өлтүрүп алган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 19-октябрда болжол менен саат 17:17де Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Саз айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ал маалыматтын негизинде башкармалыктын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, териштирүү иштерин жүргүзгөн.

69 жаштагы А.М. аттуу жаран 64 жаштагы А.Д. аттуу иниси менен уруша кетип, балта менен чаап жиберген. Жыйынтыгында алган жаракатынан улам окуя болгон жерден ал каза болгон.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий