• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Түркмөнстанда «ден соолук айында» алкогол жана тамеки сатууга тыюу салынган жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Адатта «ден соолук» айынын алдында Ашхабадда дүкөн ээлерине спирт ичимдиктерин жана тамеки сатууга тыюу салына тургандыгы эскертилчү. Бирок башка жылдардан айырмаланып быйыл андай тыюу салуу болгон жок.

7-апрелде белгиленчү бүткүл дүйнөлүк Ден соолук күнүнө байланыштуу Түркмөнстан акыркы жылдары апрелди «ден соолук айы» деп жарыялап келет.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл мамлекеттик дүкөндөрдө спирт ичимдиктери менен тамеки сатылып жатат.

Ашхабаддык серепчи Аманмырат Бугаев соода уюмдарынын расмий адамдарына кайрылып, бул товарларды сатууга эмне себептен уруксат берилгенине кызыккан.

«Алар дүкөндөрдүн планы бар экенин жана аны аткаруу керектигин айтышты. Спирт ичимдиктери менен тамеки болсо калк карасында чоң суроо-талапка ээ. Ошондуктан бул товарлар текчелерден алынган эмес», - деди Бугаев.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий