• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Таластын ар бир айылына санитардык-карантиндик посттор коюлду

Аймак 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Талас облусу боюнча ар бир айылга санитардык-карантиндик посттор коюлуп, адамдардын жана автоунаалардын каттамы дыкат көзөмөлгө алынуда. Өзгөчө муктаждык болбогон жагдайда, жашаган жеринен эч ким, эч жакка чыкпоого тийиш. Бул тууралуу өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Талас облусунун кире бериши Талдыбулак айылында 21-марттан баштап карантиндиндик-санитардык пост иштеп жатат. 24-марттан баштап Талас шаарына жана Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун бири-бири менен чектешкен аймактарына атайын посттор коюлду.

Санитардык посттордон өтүүгө өтө зарыл жана жүйөлүү себеп менен каттаган жарандарга гана уруксат берилет.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Cузак району - 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий