Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында милициянын күзөт кызматынын жетекчилери опузалап акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү жана иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ИИМдин күзөт кызматынын Таш-Көмүр шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн башчысы Н.С. жана күзөт бөлүмчөсүнүн взвод командиринин орун басары С.Т. өздүк курамдан системалуу түрдө опузалап акча алып жүрүшкөндүгү аныкталган.
Таш-Көмүр шаардык күзөт бѳлүмчөсүнүн бир катар кызматкерлери бул фактыны тастыктап беришкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси менен (“Пара алуу”) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Ыкчам иштерин жүргүзүү учурунда Таш-Көмүр шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн башчысы Н.С. жана Таш-Көмүр шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн взвод командиринин орун басары С.Т. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Баш коргоо чарасы жакын арада аныкталат.
Пикир
Оставить комментарий