• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тележурналист Мырзакул Мамбеталиев каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Котормо студиясынын продюсери жана тележурналист Мырзакул Мамбеталиев 63 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу УТРКнын сайтында маалымдалды.

Мырзакул Мамбеталиев 1959-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Кош-Коргон айылында төрөлгөн. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1981-жылдан бери өлкөнүн башкы каналында алгач катардагы кабарчы болуп, кийин "Ала-Тоо" студиясында, социалдык-экономикалык студиясында продюсер, Улуттук каналдын вице-президенти болгон. Акыркы жылдары "Котормо" студиясын жетектеп турган. Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгынын урматына мамлекеттик жогорку сыйлык "Даңк" медалы менен сыйланган.

"Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий