• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өткөн революциялар Кыргызстан эли үчүн сабак болушу керек – коомдук ишмер

Коом 0

Бишкек, 08.08.19 /Кабар/. Коомдук ишмер Осунбек Жамансариев мурдагы президент Алмабек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда болгон окуя боюнча өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев укуктук талаада жашоо керектигин айтып, бирок өзү баарын тескери кылууда.

"Тескерисинче, ал баарына үлгү болушу керек", - дейт ал.

"Мен Кыргызстандын элине кайрылгым келет. Биз үчүнчү революцияны экономикалык, социалдык жана саясий жактан көтөрө албайбыз. Көптөгөн адамдар жабыр тартат. Ал эки революциянын мисалында бизге белгилүү. Биз муну түшүнүшүбүз керек. Эл жапа чекпеши керек жана ошол эле учурда эл, өз амбицияларын баарынан өйдө койгон саясатчылардын колунда куурчак болбошу кажет", - дейт ал.

Ал белгилегендей, эгер адам мыйзамды бузса, ал жооп бериши зарыл.

"Эгер адам мыйзамды бузса, ал үчүн жооп бериши кажет. Ошол эле учурда баары мыйзамдуу болушу абзел. Кыргызстан өз мисалында мыйзам иштерин көрсөтүшү керек", - дейт ал.

Жамансариевдин пикири боюнча, мурдагы президент Атамбаев эстүүлүк кылып, органдарга барып бул ишке чекит коюшу керек. Ошол эле учурда, коомдук ишмердин айтымында, учурдагы бийлик да мыйзамды сакташы зарыл.

"Бул абалдын курчушу жакшы нерсеге алып келбейт. Муну баарыбыз так түшүнүшүбүз абзел. Кыргызстанга өнүгүү керек, эл тынч жашап, алдыга умтулушу кажет. Эл чагымга алдырбашы зарыл", - дейт Жамансариев.

Пикир

Оставить комментарий