• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тоң районунда жаңы бала бакча курулууда

Аймак 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Тон районунун Ак-Өлөң айылында жаны бала бакча курулууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду кабарлайт.

Маалыматка ылайык, имараттын курулуш толугу менен фонд тарабынан каржыланып, жалпы тендерлик баасы 43 млн сомду түздү.

Имарат эки кабаттан туруп, 100 балага ылайыкталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин сапаты фонддун техникалык көзөмөлдөө адистеринин тыкыр көзөмөлүндө жүрүп жатат.

Имараттын курулушу 2023-жылы аяктап, колдонууга берүү пландалууда. Жаны курулуп жаткан бала бакчада бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий