• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токтогулда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө аарычылыктын негиздери үйрөтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Токтогул районунда аарычылыктын негиздери боюнча окуу өткөрдү.

Вкедомстводон маалымдашкандай, окутуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте уюштурулуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 62 өкүлү окуудан өттү.

Анда Кыргызстанда аарычылык жигердүү өнүгүп, экспортко чыгып жатканы айтылды. Бирок, алгач үй-бүлөлөрдүн бул тармак боюнча маалыматы жана билими жетишсиз болгондуктан, "социалдык контракт" программасынын катышуучуларынын арасында таанымал болгон эмес.

Бүгүнкү күнгө чейин мамлекет менен келишим түзгөн 12,8 миң үй-бүлөнүн 144ү гана бал челек ачкан. Бул учурда "социалдык контракттын" аркылуу жүрүп жаткан иштерди талдоо аарычылык жогорку киреше алып келерин көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий