• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банктын алтын-валюта резерви 3,1 млрд долларды түзөт

Экономика 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Улуттук банктын алтын-валюта резерви 3,1 млрд долларды түзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн валюта рыногундагы абал туруктуу.

"Улуттук банктын алтын-валюта резерви өзүнүн тарыхый максималдуу деңгээлине - 3,1 млрд долларга жеткен. Жөнөкөй тил менен айтканда, ал Улуттук банк түзүлгөндөн берки эң жогорку көрсөткүч болду. 3,1 млрд доллар өлкөбүздүн алты жарым айлык импортун жабууга жетет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий