• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Улуттук гвардиянын аскери сууга агып бараткан кызды куткарып калды

Коом 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Улуттук гвардиянын аскер кызматкери Бегали уулу Талантбек жана анын эки досу Баткенде бытротоктогу сууга чөгүп бараткан кызды куткарып калышкан. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан билдиришти.

Окуя 26-июлда кечке маал болгон. Аскерлер тезагым каналы жактан жардам сурап кыйкырган үндү угушуп, ал жакка барганда суунун өтө тез агымы менен кыздын агып баратканын көрүшкөн.

Аскер кызматкери эки досу унаасы менен 3 чакырымдай суунун агымы менен жүрүп үч ирет аны куткарууга аракет кылышкан. Алардын биринде аскер кызматкери өзү агып кете жаздаган. “Манас-Ордо” эстелигинин аймагына келгенде Бегали уулу Таланбек ыкчам кыймылы менен эсин жоготуп койгон кызды кармап суудан алып чыккан”,-деп жазылат маалыматта.

Жабыркаган кызды алып чыгып, ага биринчи медициналык жардам көргөзгөн. Андан соң ооруканага жеткирген. Жабыркаган 24 жаштагы Жазгуль Турсуналиева учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын абалы турукташып калганы айтылууда.

Белгилүү болгондой, кыз кокустан буту тайып кетип тезагым каналына кулап кеткен. Дарыгерлер билдиргендей, кызга көрсөтүлгөн биринчи медициналык жардам анын тирүү калышына шарт түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий