• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынган чектөө кайра каралуусу керек - Үсөнбаев

Аймак 0

Бишкек, 05.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Коронавируска байланыштуу Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынган чектөө кайра каралуусу керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай чектөө жалпы алгоритмге туура келбейт. "Ысык-Көл облусундагы чектөөнү кайра карап чыгуу керек. Облустук штаб бул маселени карап чыгат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 4-майдан баштап Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынган. Кайра облус аймагына кирген учурда, жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЧР-анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымдамасынын негизинде кирет жана 14 күндүк үй карантинине алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 843кө жетти. Алардын ичинен 217си медицина кызматкери. Илдеттен 600 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 11 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий