• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” форуму аяктады

Коом 0

Чолпон-Ата, 07.10.18. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган III “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” эл аралык Ысык-Көл форуму аяктады.

3 күндүк талкуунун жыйынтыгында аянтчанын катышуучулары мамлекет башчыларына, маданият жана искусство ишмерлерине, дүйнөлүк лидерлерге багытталган дүйнөлүк коомчулукка биргелешкен кайрылуу долбоору тууралуу пикирлерин айтышты.

Форум 5-октябрда Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда башталган. 6нан 7-октябрга чейин талкуулар Ысык-Көлдүн жээгинде уланды.

Форумга 23 өлкөдөн көрүнүктүү жазуучулар, культурологдор, саясатчылар, илимий изилдөөчүлөр жана искусство ишмерлери катышты. Эл аралык аянтча 130 катышуучуну чогултту.

Андан тышкары конокторго маданий программа тартууланды. Ысык-Көлдүн жээгиндеги иштин биринчи күнүндө катышуучуларга Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча спектакль көрсөтүлүп, экинчи күнү теплоходдо сейилдөө болду.

Пикир

Оставить комментарий