• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылардын арсеналы табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзамсыз ок-дарыларды сактоо боюнча билдирүү райондук милицияга ноябрдын ортолорунда түшкөн.

Маалымат райондук милицияга катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран Ичке-Жергез айылынын 47 жаштагы Д.Т. аттуу тургуну экендиги аныкталып, жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан:

  • 2 даана "ТОЗ-8" үлгүсүндөгү ок атуучу курал;
  • 10 даана 7,62 калибрдеги жана 10 даана 5,45 калибрдеги ок;
  • 1 даана бычак;
  • 1 окуу гранатасы;
  • баштыкка салынган жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган өсүмдүгү алынган — 1 кг 250 грамм.

Учурда соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий