• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад: Кыян жууп кеткен Сузак – Кара-Дарыя унаа жолу калыбына келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кыян жууп кеткен Сузак – Кара-Дарыя наа жолу калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-мартта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен улам, кокту-колоттон агып түшкөн суудан пайда болгон кыян Сузак районуна караштуу Сузак – Кара-Дарыя жолунун бир тарабын жеп кеткендиги тууралуу маалымат саат 17:00дө түшкөн.

Жерине Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте иш алып барып, кыяндын кесепеттерин арылтуу менен жол жабылган эмес.

Жол тейлөө ишканасынан 1 автогрейдер, 1 эвакуатор, 1 МАЗ жана Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн бир автожүктөгүч тартылып, жолдун четине парапеттер коюлду. Учурда кыяндын кесепеттерин жоюуп, жолду калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий