• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда Нооруз майрамында миңге чукул милиция коопсуздукту камсыздайт

Аймак 0

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Эртең, 21-март - Нооруз майрамында Жалал-Абад облусунда миңге чукул милиция кызматкери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери майрам күнү коомдук тартипти көзөмөлгө алуу үчүн облус аймагындагы район жана шаарларда кызмат өтөөгө бөлүнүштү.

Азыркы учурда Жалал-Абад шаарындагы “Барпы” театрында кыргыз-өзбек достугун чыӊдоо, карым-катнашты бекемдөөгө багытталган маданий иш-чара башталып, милиция коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий