• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда эл жана турак жай каттоо боюнча адистер окутуудан өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында эл жана турак жайды каттоого алчу адистер окутуудан өтүп жатат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окутуу үч күнгө созулат.

Эл жана турак жай каттоонун алкагында Жалал-Абад шаарында туруктуу, убактылуу жашаган, чет өлкөгө убактылуу кеткен жарандар жана бардык турак жай, курулуштар каттоого алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий