• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жаза аткаруу кызматына 35 млн сомдук атайын унаалар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматына 35 млн сомдук атайын унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унааларды ЖАК кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чаранын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.

Салтанаттуу иш-чарада Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, атайын контингент менен иштөө кандай татаал миссия экенин, өлкө бийлиги жүргүзүлүп жаткан реформаларда жана күнүмдүк иш-чараларда ЖАКка ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий