• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жээнбеков «Евразиялык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары» долбоорун жеткире иштеп чыгуу керектигин айтты

Президент 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынында «Евразиялык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары» долбоорун жеткире иштеп чыгуу керектигин айтты.

Мамлекет башчысы документте Интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияга киргизилген Тараптардын экономикалык өнүгүшүнө максаттуу көмөктөшүү механизмдери жөнүндө маселе толук түрдө ачылып берилиши зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Стратегиялык багыттар» учурдагы экономикалык жана социалык коркунучтарга жооп бериши керектигин баса белгилеп, посткризистик мезгилде күтүлүп жаткан терс тенденцияларды эске алуу менен түзөтүүлөрдү киргизүү жана актуалдаштыруу талап кылынып жатканын кошумчалады.

Президент ошондой эле азыркы учурдагы терс факторлордон улам өндүрүштүн көлөмү кескин түшүп кетүүсү күтүлүп жаткандыктан, Биримдикке мүчө өлкөлөрүнүн ортосундагы өндүрүштүк кооперацияны, өзгөчө айыл чарба кооперациясын күчөтүү өтө маанилүү экенине көңүл бурду.

Мындан сырткары, кыргыз тараптан Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнүн форматын активдештирүүгө жана өзгөртүүгө басым жасалганын эске салды.

Сооронбай Жээнбеков жогоруда айтылгандарды эске алуу менен 2025-жылга чейинки Стратегиянын долбоорун жеткире иштеп чыгуу керектигин айтты.

Ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу боюнча коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн Комиссиянын жана ЕАЭБдин Сотунун ыйгарым укуктары күчөтүлүшу керектигин баса белгилөө менен Президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир маанилүү жагдай катары Евразия экономикалык комиссиясынын ролун күчөтүүнү атады.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видеоконференция режиминде өттү. Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри ЖЕЭК мүчөлөрү болуп саналат.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкөнүн башчысы катары Молдова Республикасынын Президенти катышты.

Пикир

Оставить комментарий