• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жети-Өгүз районунда балдар бакчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында “Жаш тилек” бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус башчсынын орун басары Э.Усенова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү , актив жана аксакалдар катышты.

Өкүлдүн орун басары өз сөзүндө жеке ишкер Канат Асаналиевге өзүнүн жана облус башчысы Жантаевдин атынан ыраазычылыгын билдирди.

“Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү өкмөттүн эң негизги максаттарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө мамлекет эле эмес, жеке ишкерлер дагы өз салымын кошуп келүүдө. Айыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүгө чоң салымыңыздарды кошуп атасыздар. Жеке Ишкер Асаналиевге терең ыраазычылык билдирем жана ийгиликтерди каалайм”, -деди Э.Усенова.

Белгилей кетсек, имараттын курулуш иштери 2019-жылы башталып, өздүк салымы 10 млн сомду түзгөн, мындан тышкары, Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан 3 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий