• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Жибек Жолу" автожарышынын катышуучулары Ош шаарына келишти

Аймак 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. "Жибек Жолу" автожарышынын катышуучулары Ош шаарына келишти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Чыгыш-Батыш Достук жана Тынчтык Раллиси Ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Экстремалдуу иш-чара ТҮРКСОЙ уюмунун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгынын алкагында быйыл экинчи жолу өткөрүлдү.

Эл аралык автожарыштын катышуучуларын Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Кубатбек уулу Азат, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов тосуп алышты

Автожарыштын максаты түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн маданиятын өнүктүрүү багытталган.

Белгилей кетсек, катышуучулар 19-августта Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн жолго чыккан. 22-августта Болгариянын борбор шаары Софияга чогулушкан. Александр Невский чиркөөсүнүн алдында салтанат менен башталган ралли Түркия, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтүп, Бишкекке жеткен. Бишкектен жол тарткан “Жибек Жолу раллиси” бүгүн, 13-сентябрда Ошко келип жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий