• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылгандарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана тийиштүү мекеме жетекчилери катышты.

Ош облусунун тургундары материалдык жардам, жер, жайыт, жер тилке маселеси, таза суу, турак жай, материалдык жардам жана жеке маселелери менен кайрылды. Ош облусунун башчысы, жарандардын көйгөйлөрүн угуп, онлайн форматта жыйынга катышкан жетекчилерге тапшырма берди.

Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00 дө Ош облусунун башчысы жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат. Алардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү жетекчилер онлайн форматта катышат.

Пикир

Оставить комментарий