• 88.68
  • 95
  • 0.95

1-майдан тарта КРга киргенде ПЧР-тест жана эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын жарандары жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн чет өлкөлүк жарандар үчүн ПЧР-тестинин терс жыйынтыгынын же COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн болушу жокко чыгарылды.

Мындай чечим Кыргызстандын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабынын жыйынында кабыл алынды, - деп билдирет коронавируска каршы Республикалык штаб.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда бүгүнкү күнгө карата республикадагы коронавирустук инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал жана калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

Ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте калкты эмдөө менен камтууну кеңейтүү жана темпин ыкчамдатуу жана калктын аялуу катмарына басым жасоо менен өлкө калкын коронавирус инфекциясына каршы эмдөө кампаниясын улантуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий