• 88.68
  • 95
  • 0.95

2024-жылы санариптештирүү жаатына 600 млн сом бөлүнөт — Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. 2024-жылы санариптештирүү жаатына 600 млн сом бөлүнөт, деп билдирет Финансы министрлигинин басма сөз кызматы.

2019-2023-жылдар аралыгында жыл сайын "Санариптик экономикага" жалпы суммасы 2,5 млрд сомдук каржы ресурстарын берилип, тиешелүү мамлекеттик органдарга бөлүштүрүлүп турган.

Ушул концепцияны, ошондой эле электрондук өкмөт чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 2019-2023-жылдар аралыгында 197 иш-чара ишке ашырылган, 19 иш-чара аяктоо стадиясында турат.

Санариптик трансформацияны андан ары өркүндөтүү максатында бүгүнкү күндө “Санариптик Кыргызстан 2024-2028” санариптик трансформация Концепциясы иштелип чыгып, анда КР Финансы министрлиги 2024-жылы боло турган иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашырууга өткөн жылдарга салыштырмалуу 100,0 млн сомго көбөйүү менен 600 млн сом каралды.

Пикир

Оставить комментарий