• 88.68
  • 95
  • 0.95

7 айда дем берүүчү гранттардын эсебинен 13 млн сомго 21 долбоор каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. 2023-жылдын 7 айында дем берүүчү гранттардын эсебинен 13 млн сомго 21 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 мектепке 5,2 млн сом каржыланды. Тактап айтканда, Жалал-Абад облусуна 6 мектепке 4 млн сом, Ош облусуна 2 мектепке 1,2 млн сом каржыланып берилди.

Белгиленгендей, "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамында "дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча 800 млн сом каралган. 2023-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү гранттардын эсебинен 332 долбоор жактырылган.


Дем берүүчү гранттар – республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактардагы социалдык маанилүү объектилерди: бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду жана спорт аянтчаларын капиталдык оңдоого бөлүнгөн каражаттар.

Пикир

Оставить комментарий