• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Аида Касымалиева БУУ менен ЖККУнун кызматташуу маселеси боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУ менен ЖККУнун кызматташуу маселеси боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул жыйын Россиянын кеңешке төрагалыгынын алкагында уюштурулду.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жыл ЖККУ үчүн юбилейлик жыл – Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлганына 30 жыл жана уюмдун түзүлгөнүнө 20 жыл.

Аида Касымалиева өз сөзүндө ЖККУ евразиялык мейкиндикте коопсуздукту камсыздоо жаатындагы негизги эл аралык уюмдардын бирине айланганын, ал эми уюм бул мезгилде региондо жана эл аралык деңгээлде беделге ээ болгон таасирдүү түзүмгө айланганын белгиледи.

Афганистандагы кырдаалды, ошондой эле Казакстанда болуп өткөн окуяларды эске алуу менен кыргыз тарап аймактык жана эл аралык коопсуздукту сактоо максатында БУУ менен ЖККУнун кызматташтыгын бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууга ошондой эле БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышып, алар Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө аткарылган иштер жана кызматташуу пландары тууралуу маалымат беришти.

Пикир

Оставить комментарий