• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айдарбеков БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын БА боюнча өкүлү менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азия боюнча өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар качкындардын, башпаанек издеген адамдардын укугун коргоо жана келечекте жарандыгы жок адамдардын санын азайтуу маселелери боюнча өз ара кызматташтыкты арттыруу тууралуу баарлашты.

«Кыргыз тарап, анын ичинен Жогорку Кеңеш колдон келишинче мыйзам чегинде бардык тараптардын пикирин угуу менен ар дайым кызматташууга даяр», - деди эл өкүлү.

Өз кезегинде БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азия боюнча өкүлү Ханс Фридрих Шоддер Жогорку Кеңеш башпаанек издеген адамдардын укугун коргоо, жашоо шартын жакшыртуу максатында ар тараптуу алгылыктуу иштерди алып барып жатканын белгилеп, мындан ары да Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин алдындагы Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн жумушчу топ менен тыгыз, туруктуу кызматташууга кызыкдар экендиктерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, БУУнун качкындар боюнча комиссары жарансыздыктын санын кыскартуу маселесинде чоң колдоо көрсөтүп келет. Кыргызстан менен БУУнун Качкындар боюнча комиссарынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында 2019-жылы дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп таанылган. Жарансыздыкты жоюу максатында 2014-жылы башталган БУУнун качкындар боюнча комиссары глобалдык кампаниясынын алкагында ЮНИСЕФ менен бирдикте Өлкөдө 13 миң 700 жарандыгы жок адам тастыкталып, анын ичинде 2000ден ашуун балдардын туулгандыгын каттоо, жарандыкты алуу маселесин чечүүгө жардам берилген.

Пикир

Оставить комментарий