• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда жолдор тайгак болот

Коом 0

Бишкек, 24.02.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-февралынан 25-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:

- Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу автоунаа жолунун 55-115-чакырымында;

- Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымынын Долон ашуусунда ;

- 353-357 чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда;

- Казарман — Ак-Тал — Чат автоунаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкесинде;

- Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда жолдор тайгак болуп муз тоңот.

"Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ӨКМ алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, жол азыгын, ысык суу, дары-дармек топтомун алууну, зарылдыгы жок болсо, жол жүрүүнү башка күнгө жылдырып турууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий