• 88.68
  • 95
  • 0.95

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги Баткенге ар тараптуу жардам берет

Коом 0

Бишкек, 24.10.22./Кабар/. Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Бакыт Аманбаев Вашингтондо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кайя Адамс менен жолугушту.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушуу учурунда ЮСАИДдин КРдагы ишмердүүлүгү жана эки тараптуу кызматташуунун натыйжалуулугун жакшыртуунун жолдору кеңири талкууланды.

Бакыт Аманбаев АКШнын аталган агенттигинин мүмкүнчүлүктөрүн жана инструменттерин КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан системалык реформалардын натыйжалуулугун жакшыртууга жана ошондой эле Баткен облусунун атуулдарына жардамды күчөтүүгө жумшоону өтүндү.

Ошондой эле элчи тажик тараптын куралдуу агрессиясынан улам Баткен облусунда ондогон жарандык объекттер: эл жашаган үйлөр, мектептер, ооруканалар, жолдор, аэропорт жана көпүрөөлөр талкалангандыгын баса белгилеп, жакынкы келечекте ЮСАИДдин Кыргызстанга багытталган каржылык мүмкүнчүлүктөрүн аталган облустагы талкаланган инфраструктураларды калыбына келтирүүгө жана облус элине ар тараптуу жардам берүүгө багыттоону өтүндү.

Ал эми Кайя Адамс ЮСАИД тарабынан кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда аргасыз жер которгон тургундарга буга чейин 8 млн сом жардам берилгендигин жана мындан ары да ар тараптуу жардам көрсөтүлөөрүн баса белгилеп, ЮСАИДдин Кыргызстанга болгон жардамынын натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча өз сунуш пикирлерин ортого салды.

Пикир

Оставить комментарий