• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аксы районунда 10 гектар аянтка 6,4 миң түп бадам көчөтү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 15.04.24./Кабар/. Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Сары-Жайык участкасына 10 гектар аянтка 6 400 даана бадам көчөтү отургузулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, райондук мекеме-ишкана жамааттары, жалпы 800дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышты.

КР президентинин жарлыгын ишке ашыруу максатында, райондогу бош жаткан жер аянттарын натыйжалуу пайдалануу, алардын климаттык өзгөчөлүгүнө жараша дарак көчөттөрүн отургузуу аракети колго алынды.

Көчөт "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында отургузулуп, тамчылатып суугаруу ыкмасы колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий