• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акыркы 3 жумада коронавируска кабылган жарандардын саны көбөйгөнү байкалууда – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Акыркы 3 жумада өлкө аймагында коронавируска кабылган жарандардын саны көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш министрликти тынчсыздандырууда.

"Саламаттык сактоо министрлиги ооруга өз алдынча туруштук бере албайт, бизге жардам керек. Мындан улам жарандар беткап кийип, 1,5-2 метрлик аралыкты сакташы керек. Мекеме-уюмдарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталышы керек. Элдердин чогулушу 50 адамдан ашпоо шарт", - деди Каратаев.

Белгилей кетсек, 22-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 71 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 542ни түзөт. Алардын ичинен 41 миң 796 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий