• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Аламүдүн айылында автобустун ичинен бычак менен кол салган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Аламүдүн айылында коомдук транспорттун ичинен бычак менен кол салган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 21-июлда Аламүдүн райондук милициясына Аламүдүн айылында коомдук транспорттун ичиндеги жүргүнчү О.А. аттуу жаранга бычак менен денесине залал келтиргендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө коомдук транспорттогу жүрүм-туруму боюнча эскертүүнү жактырбай, Ж.Ж. жана О.А. аттуу жарандардын ортосунда чыр чыккандыгы, натыйжада О.А. аттуу жаран көкүрөгүнөн жараат алгандыгы аныкталган.

Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, бычак менен кол салган Ж.Ж. аттуу жаран кармалып, Аламүдүн РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий