• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Амур облусунда кыргыздар менен казактардын ортосунда массалык мушташ чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. РФнын Амур облусунун Свободненск районунда газ иштетүү заводунун ичинде Кыргызстандан жана Казакстандан барган жумушчулардын арасында чыр чыккан. Бул тууралуу 2x2.su басылмасы кабарлайт, ошондой эле социалдык тармактарда мушташтын видео жарыяланган.

Алдын ала маалыматка ылайык, 22-ноябрда чыккан чырдын себеби жөнөкөй ички маселелер болгон. Мушташтын катышуучуларынын бири реанимация бөлүмүнө түшкөн.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү заводдун аймагындагы CPECC и Yamata компанияларынын убактылуу жашоочу жайларында кыргыз жана казактардын ортосундагы чоң мушташ болгон. Yamata компаниясынын кызматкерлери Казакстандын тургундары, Кыргызстандын тургундары менен бир нерсени бөлүшө албай чыр чыккан.

Амур облусунун ИИМнин басма сөз кызматынан мушташ болгондугун тастыкташты. Полициядан кошумчалашкандай, чырдын кесепетинен 18 жаштагы бала катуу жаракат алган. ИИМдин Тергөө бөлүмү аталган факты боюнча "Ден соолукка атайылап оор залака келтирүү" беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Аталган кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жумушчу кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле ишкананын 19 жаштагы кызматкери жаракат алган. Учурда териштирүү иштери жүрүп, тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий