• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия оюндары. Орозобек Токтомамбетов өлкө капчыгына дагы бир коло алып келди

Спорт 0

Бишкек, 07.10.23. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 74 кг салмак даражасында беттешип, алгач ирандык балбандан 2:7 эсебинде жеңилген. Кийин атаандашы финалга өтүп, жубатуучу беттешке чыгып, Кытай балбанын жеңип коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Чечүүчү беттеште тажик балбанын 4:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий