• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү пункту эки саатка ишин токтотот

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт-автожол” бекети эки саатка ишин токтотот.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын жаңыртууга байланыштуу бүгүн, 21-ноябрда саат 15:30дан 17:30га чейин “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрүү бекетинде адамдарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий