• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

“Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам 2022-жылдын 30-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуунун бирдиктүү мыйзамдык базасын түзүү, баалуу металлдар менен операцияларды мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана бул чөйрөдөгү улуттук мыйзамдарды Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарына шайкеш келтирүү болуп саналат.

Ошондой эле мыйзамда:

- Зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө шарттарды түзүү (ата-мекендик өндүрүүчүлөр), тактап айтканда, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн бардык күмүш зергер буюмдарын, ошондой эле, ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөргө экспорттоого арналган зергер буюмдарын милдеттүү түрдө белгилөөдөн бошотуу;

- аффинаждалган баалуу металлдарды сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук банкынын артыкчылык укугу жөнүндө ченемдерди;

- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү, ошондой эле укуктук боштуктарды, кайталоолорду жана карама-каршылыктарды жоюу;

- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү мыйзамдарды колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү, ошондой эле укуктук боштуктарды, кайталоолорду жана карама-каршылыктарды жоюу;

- баалуу таштарды ташып келүүдө жана ташууда мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу багытында тиешелүү жаңы нормаларды киргизүү ж.б.

Ошентип, “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдө бирдиктүү мыйзамдык базаны, ачык-айкын механизмди түзүүнү, чөйрөдө так критерийлерди жана тартипти белгилөөнү камсыз кылат.

Мындан тышкары баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүүгө, зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталат.

Пикир

Оставить комментарий