• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Байге фонду 3 млн сом. "Манас айылын" реконструкциялоонун долбооруна ачык сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 06.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоонун долбооруна ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Нуртазин Жетыбаев билдирди.

Анын айтымында, сынак бүгүн, 6-июнда башталып, 5-июлга чейин уланат.

"Байге фонду 3 млн сомду түзөт. Сынактын жеңүүчүсүнө 1,5 млн сом, экинчи орунга 1 млн сом жана үчүнчү орунга 500 миң сом берилет. Каражат демөөрчүлөр тарабынан топтолду. Ал эми жеңүүчүсүн аныктоо үчүн 12 адамдан турган комиссия түзүлдү. Анын курамына манасчы, сүрөтчү, тарыхчыдан тарта министрлик, мамкурулуш агенттигинин кызматкерлери кирди. Сынактын жеңүүчүсүн аныктаганга чейин жеринде курулушка даярдык иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, 12-июлда жеңүүчү аныкталып, бир жумадан кийин курулуш иштери башталат”, - дейт ал.

Жетыбаев жеңип чыккан долбоорду көрүп, курулуш канча убакытка чейин созулары белгилүү болорун кошумчалады.

Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу бир жарым ай мурун президент Садыр Жапаров менен “Манас айылына” барганын эске салды.

“Анда “Манас айылы” комплексин реконструкциялоонун долбоору сунушталган. Ал күндүн эртеси эле элибиздин ичинде Манас дүйнөсүнө кайдыгер карабаган адамдар тарабынан бир катар мыкты сунуштар түштү. Ал сунуштарды эске алуу менен сынакты ачык жарыялап жатабыз”, - деди Биймырза уулу.

Эскерте кетсек, 29-апрелде президент Садыр Жапаров “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышып чыккан. Маалым болгондой, долбоордо “Манас айылы” комплексин реконструкциялоо анын аймагын үч гектардан сегиз гектарга чейин кеңейтүүнү карайт. Ар кандай жыйындарды, курултайларды жана башкаларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган үч кабаттуу боз үй куруу пландалган. Ошондой эле комплекстин аймагына “Манас” театры менен Манас музейин жайгаштыруу каралган.

Пикир

Оставить комментарий