• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бакыт Төрөбаев менен Эркин Тунияз КР жана СУАРдын ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.24./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Кыргыз Республикасына иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстан менен СУАРдын ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Отурумга эки мамлекеттин ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, өз тармактарындагы иштер боюнча деталдуу маалыматтарды берди.

Алгач эки мамлекеттин ортосундагы “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси каралды. Ошондой эле, жаңы курулуп жаткан “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу үстүбүздөгү жылдын сентябрына пландалып жатканы белгилүү болду.

Мындан тышкары Нарындын жана Кашкардын аймактарында биргелешкен соода-өндүрүштүк парктары түзүлө турган болууда. Бул кадам Кыргызстандын продукцияларын Кытай рыногуна экспорттоону өнүктүрүүгө жол ачылат.

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстан СУАРдын рыногуна жылына 732 миң тоннага чейин айыл чарба продукцияларын чыгара алат жана бул чек эмес.

Бул багытта МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын аймагында карантиндик фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияны ачууну сунуштады. Өз кезегинде Эркин Тунияз кыргыз продукциясы экологиялык жактан таза жана кытай рыногу кенен экенин айтып, таза айыл чарба продукцияларын импорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Айта кетсек, кеңешменин күн тартибине транспорт, курулуш, соода жүгүртүү, энергетика, тоо-кен, авиация жана маданий-гуманитардык тармактарын камтыган 12 маселе деталдуу каралып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү эки тараптын мамлекеттик органдарына тапшырмалар берилди.

“Биз Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу көп кырдуу кызматташуунун бардык актуалдуу маселелери жана багыттары боюнча иш жүзүндө талкууладык жана баяндамаларды уктук. Мындай пайдалуу талкуулар жана пикир алмашуулар эки тарапка тең пайдалуу жаңы келишимдер менен коштолот деп ишенем”, - деп сөзүн жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий