• 88.68
  • 95
  • 0.95

Банктар артыкчылыктуу тартипте баткендиктерге 4,6 млрд сом насыя берди

Экономика 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Финансы-кредиттик уюмдар Баткен облусунун тургундарына артыкчылыктуу тартипте 4,6 млрд сомдон ашык суммада насыя беришти.

Улуттук банкттан билдиришкендей, 2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, ФКУ Баткен облусундагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн:

- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 30-апрелине чейинки аралыкта ФКУ тарабынан 4 млрд 606,2 млн сомго 40 373 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген;

- "Кепилдик фонд" ААК 330,8 млн сом суммасына 326 кредит боюнча 156,4 млн сом суммасына 321 кепилдик берген.

ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды кароону улантып жатышат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.

Эскерке кетсек, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Аскердик басып алуунун натыйжасында 63 адам, анын ичинде аскер кызматкерлери, жай тургундар жана балдар курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак-жайлар, экономикалык жана социалдык объектилер, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу жайлар талкаланып, зыянга учураган.

Пикир

Оставить комментарий